Сель на автодороге Ош-СарыТаш-Иркештам

8 августа в 18-30 сошел сель на 109-110 км участке автодороги Ош-СарыТаш-Иркештам.

Алай районунда 2017-жылдын 8-август күнү саат 18:30 чамасында жааган жаандын кесепетинен Ош-Сарыташ-Эркештам унаа жолунун 108-109-110-чакырымдарында колоттордон сел калдыктары агып түшүп, унаа жолду тосуп калган жана Аскалы-Чаты айылындагы 2 турак үйдүн ичине сел агындылары кирген.

Алай райондук №959 жол тейлөө ишканасынан 1 грейдер, 1 жүктөгүч тартылган.

Жолду тазалоо үчүн саат 20:30да райондук №959 жол тейлөө ишканасынан 1 грейдер тартылып, жол убактылуу ачылган.

Бирок, кайрадан унаалар кыйынчылык менен өтүп жаткандыктан кошумча 1 жүктөгүч саат 00:30 жолду кенейтүү үчүн жөнөтүлгөн.

Жолду сел калдыктарынан тазалоо иштери улантылууда.

КР ӨКМнин басма сөз кызматы.

Добавить комментарий